Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч нерсеси калбай тыптыйпыл болуу, жоголуу, жок болуу. Бир кездерде сен да урап, жер менен жексен болорсуң! (Бектенов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, жөн эле тепсеп кетсе, жер менен жексен болчудай (Медетов). Ал тепсендиде бычырап, чирип, жер менен жексен болбодубу (Борбиев). 2. Өйдө карай албай, баш көтөрө албай катуу уят болуу, абдан кичирүү. Эмне кыларымды билбей, кирерге жер таппай, жер менен жексен болдум. В.: Жексен болуу. Энеке! Ал дүйнө жексен болду, чырмалган эмгекчилер үздү торду (Турусбеков). Таштар кумдай быркырап, жексен болду далайлар (Үмөталиев). Жер менен жер болуу. Баш көтөрө албай жер менен жер болдук («Ала-Тоо»).